Жаңылыктар
Талас облусу: Көк-Ой айылындагы оорукана оңдоодон өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Талас облусу: Көк-Ой айылындагы оорукана оңдоодон өтөт

Талас районунун борбору Көк Ой айылындагы бул имарат бир кезде облустагы эң ири оорукана болуп, Таластын баш-аягы ушул жерге келип дарыланып кетишчү. 1986-жылы ишке берилген бул оорукана 2005-жылдан бери иштебей бош турат. 

Кезинде далай бейтап айыгып чыккан оорукана азыр таланып-тонолуп, кароосуз калган.Жыргал Ашырбекова ушул оорукана ачылгандан тарта бул жерде дарыгер-лаборант болуп иштеп келген. Бардык шарты бар имараттын иштебей жабылып калганына таң калат. Бейтапкана жабылганда дарыгерлер жамааты да облустагы башка ооруканаларга бөлүштүрүлгөн.