Президент Сооронбай Жээнбеков бугун Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна" маек куруп бир катар суроолорго жооп берди. Анда мамлекет башчысы кредиттик саясат өзгөргөндүгү туурасында кеп салып, 5 жылдык кыска мөөнөттүү насыяларды алууну токтотуп, тышкы карыздын жүгүн мындан ары жеңилдетуу керектигин айтты. Ошондой эле, жеңилдетилген насыяларды, айрыкча гранттарды алууну туура көрүп жатабыз- деди Президент.