Жаңылыктар
Бишкектин коммуналдык кызматтары кышка карата даярдык көрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин коммуналдык кызматтары кышка карата даярдык көрүүдө

Бишкектин коммуналдык кызматтары күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды көрүп жатышат. Борбордун тургундарынын үйлөрүн үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуу үчүн «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы оңдоо иштерин жүргүзүүдө. 

Учурда адистер көмөкчү шаймандарды, насосторду, желдеткичтерди, көзөмөлдөп өлчөгөн жабдууларды жана электр бөлүктөрүн иретке келтирүүдө. Ошол эле учурда буу казандар оңдоодон өткөрүлүп, 30 буу казаны даяр болд жана 1 миң 434 метр жылуулук түйүнү оңдолду. 

Эскерте кетсек, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы 624 турак үйдү, 12 саламаттыкты сактоо мекемелерин, 40 жалпы билим берүү мекемесин жана бала бакчалар менен башка дагы ишаналарды жылуулук менен камсыздайт.