Жаңылыктар
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 7 айында саламаттыкты сактоо уюмдарына 1 млрд 576 млн сом бөлгөн
Кыргызстан жаңылыктары
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 7 айында саламаттыкты сактоо уюмдарына 1 млрд 576 млн сом бөлгөн

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2020-жылдын 7 айында Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарына 1 миллиард 576 млн сом бөлгөн.

2020-жылдын январынан 20-июлуна чейин ММК фондунун бюджетинин эсебинен бөлүнгөн каражаттардын жалпы суммасы 1 млн 576 миң 200 сомду Бишкек шаарынын 35 саламаттык сактоо уюму үчүн, анын ичинде 22 шаардык деңгээлдеги уюм жана 13 республикалык деңгээлдеги медициналык уюм болду.


Бөлүнгөн бюджеттин көпчүлүк бөлүгү чыгымдарга пайдаланылат:

- эмгек акы жана Социалдык фондго чегерүүлөр боюнча-1026,2 млн сом (65,1%);


- медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алууга -364,3 млн сом (23,1%), анын ичинде дары-дармектерди сатып алууга - 104, 8 млн сом кошумча бөлүнгөн;


- коммуналдык кызмат көрсөтүү чыгымдарга - 87,5 млн сом (5,5%);


- тамак-аш азыктарына - 48,9 млн сом (3,1%);


- башка чыгымдарга - 8,5 млн. сом.


ЖКК сатып алууга жана запастарын түзүү боюнча ММК Фонду кошумча каржылоо иретинде 104,8 млн сом бөлдү, 21-июлда Бишкек шаарындагы саламаттык сактоо уюмдары толугу менен камтылган (сатып алуулар жүргүзүлүп, 60% дан ашык ЖКК уюмдарга коюлган).

2020-жылдын февралынан июль айына чейин коронавирустун пандемиясына байланыштуу жана уюмдардын ишинде кайрадан профилдештирүү жана кошумча койка орундарын ачуу боюнча олуттуу өзгөрүүлөр болгон.

Бардыгы болуп Бишкек шаарында кошумча 1455 койка-орундук ачылды, БМСЖ маалымдагандай, 13 күндүзгү стационарда 908 орундуу жана 3 түнкү стационарларда 265 орундуу. Ал жака 110 - дарыгер, 119 - орто медперсонал, 44 - кенже медперсонал тартылган.