Транспорт жана жол министрлиги тарабынан COVID-19 инфекциясы менен күрөшүү үчүн жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат.
“Транспорт жана жол министрлиги тарабынан COVID-19 инфекциясынын жайылышын болтурбоо үчүн толук кандуу иштеп жатат. Республиканын аймагында ӨК жана ӨА режимдери киргизилгенден баштап министрликтин эмгек жамааты март, апрель айларында бир күндүк айлык акысын коронавирус менен күрөшүү Фондуна которду. Ал эми башкармалыктардын жана Борбордук аппараттын, ведомстволук уюмдардын жетекчилери июль айындагы айлык акысынан үч күндүк маянасын темир жол ооруканасына дары-дармек сатып алуу үчүн которууну чечишкен”, - деп билдирди Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов.
Анын айтымында, 20-апрелден 6-июлга чейин ташуучулар 219 жеке транспорту менен 2530дан ашык обсервациядан чыккан жарандарды аймактарга жеткирген. Белгилей кетек, бул иш-чараларды алар өз каражаттарына жасашкан.
“Бишкекте жана аймактарда Автомобиль, суу транспортунун жана салмак-тыш ɵлчɵм көзөмөлдөө агенттигинин кызматкерлери, санитардык эпидемиологиялык кызматынын жана Жол коопсуздугун камсыздоо мамлекеттик башкармалыгы менен бирдикте күн сайын шаардык, аймактар аралык каттамдар боюнча транспорттордун абалы, айдоочулар тарабынан санитардык нормалардын сакталышы текшерилип жана бузуулар үчүн тийиштүү айып пулдар салынган”, - деп кошумчалады.