«Чет өлкөлөрдөгү биздин мекендештерибиздин, кыргыз диаспораларынын жана коомдук бирикмелердин өздөрүнүн каражаттарына медициналык жабдууларды жана медикаменттерди сатып алган жардамы өзгөчө белгиленди. Алардын колдоосу, көмөк көрсөтүүсү биз үчүн өзгөчө мааниге ээ», - деп билдирди КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев.
Анын айтымында өлкөбүздүн чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери дагы четте калган жок, алар өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен акча бөлүп, керектүү дары-дармектерди жана медициналык жабдууларды сатып алышкан.
«Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тапшырмасына ылайык алар жеке коргонуу каражаттарын, дары-дармектерди, жабдууларды, реанимобилдерди издөө жана өлкөбүзгө жеткирүү менен алектенүүдө. Биздин фармкомпанияларга дагы медикаменттерди чыгаруучуларды табууга, медициналык жүктү сатып алуу жана Бишкекке жеткирүү жөнүндө келишимдерге кол коюуга көмөктөшүүдө», - деп белгиледи ал.