Бүгүн Кыргызстанга «Москва – Ош» багыты боюнча чартердик каттам менен Кыргызстандын 301 жаран кайтып келди. Алардын арасында жаш балдар дагы бар. Бул тууралу Тышкы иштер минстрлигинен кабарлашты.
Бортто орундардын саны чектелүү жана Кыргызстанга келүүнү каалагандар көп болгондуктан, атайын каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москвадагы кыргыз медициналык клиникалардын дарыгерлеринен жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлеринен турган комиссия тарабынан түзүлдү.
Чет мамлекеттерде жүргөн мекендештерди Кыргызстанга кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер алдыда дагы улантылат.