Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактары боюнча иш сапарларын улантууда. Бүгүн, 23-июлда, Мамлекет башчысы Талас облусуна бир күндүк иш сапары менен барат.
Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясы пандемиясы шартында аймактагы айыл чарба, билим берүү, медицина жана энергетика объектилеринин иши менен таанышат.