Коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн Кыргызстанга Орусиядан аскер медициналык кызматкерлери келди. Өкмөттүн маалыматына караганда, медициналык кызматкерлерди Орусиянын Коргоо министрлигинин атайын учагы «Кант» авиабазасына жеткирген.
Атайын учак менен керектүү жабдыктар жана дары-дармектер да алынып келинди. 20 кишиден турган медициналык топ кыргызстандык аскер дарыгерлер менен бирге аскер кызматкерлерине, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана аскер ардагерлерине кеңеш, практикалык түрдө жардам көрсөтүшөт.
Орусиянын медициналык кызматкерлеринен турган топ Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин макулдашуусунун алкагында ишке ашырылды. Россиядан келген дарыгерлердин төрт тобу Бишкекте, эки тобу Ош шаарында иштешет.