Жаңылыктар
Стационарлардагы медициналык жардам
Кыргызстан жаңылыктары
Стационарлардагы медициналык жардам

Бишкек мэриясынын стационарлары 61 миңден ашык адамга медициналык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мэриянын күндүзгү жана түнкү стационарлары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. 

Жалпысынан 20-июлга чейин күндүзгү стационарлар 56 миң 939 адамды кабыл алган, алардын ичинен 42 миң 261и капельница алып, 14 миң 369 - дарыгердин консультациясын алган. 

Ал эми 298 адам ооруканага жаткырылды.Ошондой эле, 15-июлдан 21не чейинки аралыкта түнкү стационарлар 4 миң 259 адамды кабыл алган. Анын ичинен 15 адам ооруканага жаткырылды.