Реанимобилдердин талаштуу баасына байланыштуу талкуу токтой элек. Медициналык аппараттар менен жабдылган 13 транспорт каражаты 764 миң долларга сатып алынган.
Биздин кабарчылар, Россиядагы тез жардам унааларын сатуу менен алектенген ишканалардын бири менен байланышып, талаш болуп жаткан нарк менен салыштырды.