Жаңылыктар
Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев дүйнө салды
Кыргызстан жаңылыктары
Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев дүйнө салды

Кыргызстандагы демократиялык жаралуунун башатында турган, демократиялык өзгөрүүлөр үчүн күрөшкө бараандуу салым кошкон атуул, “Ашардын” жана Кыргызстан демократиялык кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири, коомдук ишмер Жыпар Жекшеев оорунун айынан каза болду. 

Ал Бишкектеги улуттук госпиталда COVID-19 илдетине байланыштуу дарыланып жаткан кезинде, 21-июлга караган түнү көз жумду. Маркумдун сөөгү бүгүн, Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди.