Вируска чалдыккандар эми ооруканалардагы шарттар жана бош орундар тууралуу онлайн-картадан маалымат алса болот. Коронавирус боюнча республикалык штабдын тапшырмасы менен IT адистер тарабынан кыска убакыт аралыгында Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы ооруканалардын онлайн-картасы иштелип чыкты.
Ден-соолугу начар абалдагылар map.covid.kg. сайты аркылуу кайсыл ооруканада стационардык дарыланууга бош орун бар экенин, дары дармектердин жана дем алдыруучу аппараттардын жетиштүүлүгү тууралуу маалымат ала алышат.