Ыктыярчылык ишмердүүлүктүн маанилүү элементи - бир гана иш жүзүндө жардам берүү эмес, адамдагы ички рухий сапаттарды да тарбиялоо. Бүгүн өлкө башчысы коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө көмөктөшүп жаткан ыктыярчылар жана жарандык активисттер менен жолугушту.
Анда учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, медицина кызматкерлерин колдоо чаралары, ооруканалардын медициналык каражаттар менен камсыздалышы, ыктыярчы уюмдар менен өз ара иштешүүнү арбытуу жана башка маселелер боюнча пикир алышуу болду. Президент ыктыярчылардын эмгегин жогору баалоо менен аларга ыраазычылык билдирди.