Жаңылыктар
Март айынан бери Кыргызстанга Россиядан 18 миң жаран кайтып келди
Кыргызстан жаңылыктары
Март айынан бери Кыргызстанга Россиядан 18 миң жаран кайтып келди

Жума сайын Россиянын шаарларынан Бишкек менен Ошко чартердик каттам менен миңден ашык жаран келүүдө. Март айынан бери Кыргызстанга 18 миң жаран кайтып келди. Учурда мекенине кетем деп кезек күткөндөрдүн саны 12 миңге чамалайт. 

Россиядагы мекендештер менен элчи Аликбек Жекшенкулов жолугушту. Кыргызстандын Россиядагы элчиси ишке жарамдуу жарандарды азырынча шашпай, жумуштан бошобостон, азыркы кырдаалда Кыргызстандагы жакындарына каржылык колдоо көрсөтүп турууну сунуштады.