Бишкек шаарына Беларусь Республикасынан атайын каттам менен коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн керектүү дары каражаттарынан турган жүк келет.
Жалпы салмагы 5,4 тонна болгон дары-каражаттары Минск шаарынан (Беларусь Республикасы) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Евразия экономикалык бирлигинин Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн учуп барган учак менен жеткирилет.
Бул аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогору болуп жаткан суроо-талапты канааттандыруу максатында ата мекендик фармацевтикалык компанияларга дары каражаттарын алып келүүгө көмөк көрсөттү. Бул дары-дармектер калкка жеткиликтүү баада сатылат.