Кайдыгер эмес жарандардын колдоосу менен Кара-Жыгач жаңы конушунда дагы бир күндүзгү стационар ачылды.Бул дарылануучу жай 45 орунга ылайыкталган. Ишембиден баштап, оорунун жеңил түрүнө кабылган жарандар кайрыла алышат.
Ал эми Жал кичи районундагы №95 мектеп-гимназияда 40 орунга ылайыкталган бул күндүзгү дарылануучу жайдын иштеп баштаганына үч күн болду. Бул жерге күнүнө 300гө жакын жаран кайрылууда. Эң жакшы жери күндүзгү стационарда электрондук кезек системасы киргизилген. Бул тутум киргени кезек маселеси жоюлду. Жарандар дарыгерге талон алып, көрүнүп жатышат. Мында төрт концентратор бар жана коопсуздук үчүн дезинфекциялоочу тоннель да орнотулган.
Ушул тапта стационарлар кычкылтек концентратору жана пульсоксиметрлер менен камсыз болду. Күндүзгү стационарларда 114 кычкылтек концентратору колдонулуп жатат жана 22 дарыкана медициналык жардам көрсөтүүдө. Ал эми түнкү стационарларда 51 кычкылтек концентратору бар. Учурда 5 дарыкана иштеп жатат.
Учурда борбордун төрт районунда 13 күндүзгү, эки түнкү стационар иштеп жатат. Күндүзгү дарылануучу жайларда 216 медицина кызматкери, 22 ыктыярчы иштөөдө. Ал эми түнкү стационарда 34 дарегер жана беш ыктыярчы медициналык жардам көрсөтүүдө. Бүгүнкү күндө бул жерге кайрылган жарандардын жалпы саны 43 миңден ашты.