Жаңылыктар
Бишкекке Новосибирсктен Кыргызстандын жарандары кайтып келишти
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекке Новосибирсктен Кыргызстандын жарандары кайтып келишти

Бүгүн 17-июль күнү «Манас» эл аралык аэропортунда Новосибирск–Бишкек багыты боюнча «Авиатраффик» авиакомпаниясынын бортун тосуп алышты.

 Чартердик рейс дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылган.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргызстанга кайтууга муктаж болгон КР жарандарынын берген кайрылууларынын кезеги боюнча түзүлгөн, алардын катарында кош бойлуу аялдар, жаш балдары бар аялдар, улгайган жарандар, медициналык операция жасаткандар, ошондой эле Россиянын Сибирь федералдык округунун ЖОЖдорунда окуган 73 кыргызстандык студенттер бар.

Ошондой эле, аталган борт менен мекендештердин жардамы катары, жалпы суммасы 185 миң рублду түзгөн медициналык дары-дармектерден жана керектүү жабдуулардан турган гуманитардык жардам келди.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргызстанга кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда.