Кыргызстанга бүгүн “Новосибирск-Бишкек” каттамы боюнча 183 жаран келди. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, келген жарандардын ичинде жаш балдар дагы бар, алар “Авиатраффик” авиакомпаниясынын чартердик катта аркылуу келген.
Аталган каттам менен жалпы суммасы 185 миң рублди түзгөн гуманитардык жардам дагы түштү. Аны Россиядагы мекендештер жөнөтүшкөн. Министрлик билдиргендей, чет мамлекеттерде жашап жаткан жарандарды алып келүү иштери улантылат.