Ишкер чөйрө, пандемия шартына ылайыкташууда. Токмок шаарындагы текстиль ишканасы кырдаалга карабай , жаңы шартта ишин улантып кеткен. Кезегинде , байпак, кийим-кече тиккен фабрика азыр медициналык коргонуу каражаттарын чыгарууда.
Өлкө башчы аймактарга сапарынын алкагында ишкана менен таанышты. Андан соң Ысык-Ата районундагы айыл чарба ишканаларында болуп, балык чарбасынан кабар алды.
Президент пандемиялдан чыккан кыйынчылыктарга карабастан, өлкөнүн экспорттук потенциалын колдоону унутта калтырбаш керек экенин айтты. Өлкө башчы барган балык чарбасы кыска убакыттын ичинде балык өстүрүүнү 50 дөн 5 миң тоннага чейин көбөйткөн.