Жаңылыктар
Кыргызстандагы медкызматкерлер үчүн жеке коргонуучу каражаттар тапшырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандагы медкызматкерлер үчүн жеке коргонуучу каражаттар тапшырылды

 Швецария жана БУУнун калкты жайгаштыруу фонду COVID-19 илдетине каршы күрөшүүгө Кыргызстандагы медкызматкерлер үчүн жеке коргонуучу каражаттарды беришти. 



Швейцария Өкмөтү БУУнун калкты жайгаштыруу фонду (ЮНФПА) менен өнөктөштүктө Кыргызстанга Саламаттык сактоо министрлигине жеке коргонуучу каражаттарды беришти – бул колдоо 15 млн сом өлчөмүндө көрсөтүлдү. 



Бардык жеке коргонуучу каражаттар Кыргызстандын Чүй, Нарын жана Ош облустарындагы медициналык мобилдик бригадаларды жабдууга берилет. 



Берилген гуманитардык жардамдар:


Колкаптар - 100 коробка;

Жеке халаттар - 3800;

Комбинезондор - 3800;

Респиратордук беткаптар (FFP2) - 3700;

Хирургиялык беткаптар - 5000;

Көз айнектер – 3800;

Бетти коргоочу калкандар – 3800.