Жаңылыктар
Дары жана жабдуулар менен камсыздоо ыкчамдалат
Кыргызстан жаңылыктары
Дары жана жабдуулар менен камсыздоо ыкчамдалат

Өкмөт зарыл болгон дары-дармектерди жана медициналык жабдууларды сатып алуу боюнча иштерди ыкчам алып баруу аракетинде. Премьер-министрдин тапшырмасы менен кычкылтек концентраторунун акыркы партиясын аймактардагы ооруканаларга, эмканаларга бөлүп берүү тапшырмасы берилди. Ошондой эле өпкөнүн сезгенишинин алдын-алуу аракеттери күчөтүлмөй болду. Ушул жана башка маселелер Премьер-министр Кубатбек Бороновдун катышуусунда Республикалык ыкчам штабдын жыйынында талкууланды.