Жаңылыктар
Түркия Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү
Кыргызстан жаңылыктары
Түркия  Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү

 Жасалма дем алдыруучу аппараттар, кычкылтек концентраторлору, ПЧР-тесттер жана өздүк коргонуу каражаттары жүктөлгөн учак бүгүн Манас аба майданына конду. Боордош Түркия өлкөсү коронавирус менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Режеп Тайип Эрдогандын 6-июлдагы телефондук сүйлөшүүсүнүн натыйжасы.