Жаңылыктар
Өлкөдө нөшөрлүү жаан-чачын болот - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө  нөшөрлүү жаан-чачын болот - Кыргызстан жаңылыктары

Бүгүнтөн тарта 17-июлга чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу өлкөдө нөшөрлүү жаан-чачын болот. Андан соң тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти. 

Маалыматта “Коопсуздук иретинде жергиликтүү калктын жана мекеме-ишканалардын, уюмдардын күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл деп айтылат. 

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан алдын алуу иш-аракеттери жүрүүдө. Мындан сырткары тиешелүү жарандык коргонуу кызматтарына, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аракет көрө башташты.