Бүгүн «Москва – Ош» багыты боюнча атайын уюштурулган каттам менен Кыргызстандын 198 жараны кайтып келди. Алардын арасында жаш балдар, аялдар бар.
Бул аракеттер чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында Президент жана Өкмөттүн тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында жетишилди.
Учакта орундуктардын саны чектелүү жана Кыргызстанга кайтууну каалаган жарандар көп болгондуктан, бул каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москвадагы кыргыз медициналык клиникалардын дарыгерлеринен жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлеринен турган атайын Комиссия тарабынан түзүлгөн. Чет мамлекеттерде жүргөн жарандарды кайтаруу боюнча иштер улантылып жатат.