Жаңылыктар
Дары-дармек муктаждыгы жогору
Кыргызстан жаңылыктары
Дары-дармек муктаждыгы жогору



Дары-дармек тартыштыгы олуттуу көйгөй бойдон калууда. Гепарин, клексан өңдүү дарыларды аймактарда гана эмес, Бишкекте табуу көпчүлүккө мүмкүн болбой жатат. Мындан улам өкмөт башчысы жалпы өлкө боюнча медикаменттердин корун даярдоону тапшырды. Адистердин сунуштоосунан улам суроо-талапка ээ болгон дары-дармектерди издеп табуу оңойго турган жок. Дарыкананын кызматкерлери жок деген жоопту айтканы менен, чогулган эл тарачудай эмес. Себеби ооруга чалдыккан жакын адамдары үмүт менен күтүп жатышат. 


Социалдык тармактар аркылуу гепарин, клексан дарысын издегендер өтө көп. Бишкек менен бирге аймактарда да дары-дармек тартыш. Учурда жугуштуу ооруга кабылган бейтаптар көбөйүп жатканы кабарланган Ысык-Көлдө да бул дарыларды табуу мүмкүн болбой жатат. Каракол шаарындагы эл издеп жаткан дарылар айрым гана дарыканаларга жеткирилген. Ал дагы аз гана көлөмдө. Жергиликтүү бийлик дарыканаларды кыдырып, учурда суроо-талапка ээ болуп жаткан дарылар алып келинсе, аларды топ-тобу менен сатпай, ортомчулардан алыс болууга чакырды.