Бир эле күндүзгү стационарга 10 күндө медициналык жардам алуу үчүн 30 миңден ашуун шаар тургуну кайрылган. Ошол эле учурда даба издеп кайрылган жарандар да көбөйүп жатат. Медицина кызматкерлерлери болсо тартыш. Бир стационарга кайрылган 500гө чейинки адамды 30дай гана дарыгер тейлөөдө.
Кубанычбек Миталипов медицина тармагында 22 жылдан бери эмгектенет. Акыркы жылдары Кызыл-Кыя аймактык ооруканасында иштеп, пандемияга чейин ардактуу эс алууга чыккан. Бирок жугуштуу ооруга байланыштуу өлкөдө дарыгерлердин жетишсиздигин угуп, борбордогу стационарга кесиптештерине көмөктөшүүгө келген. Дарыгер күнүнө 60 бейтапы көрүп, кеп-кеңештерин да берүүдө.
Күндүзгү стационарга кайрылган жарандар абдан көп болууда. Буга байланыштуу саатап кезек күтүп калгандар бар. Айрым учурда дарыгерлер бейтаптарды ылдам тейлөөгө да жетишпей калууда. Башка да кемчиликтер кетет. Мындан улам нааразы болгондор да жок эмес, медиктердин оор ишин түшүнгөн да жарандар бар.