«Учурда дары-дармектердин бааларын негизсиз кымбаттаткан фактылар, мыйзамсыз ташылып келген товарлар жана башкалар боюнча 27 факт катталды», - деп билдирди Премьер-министр Кубатбек Боронов.
- медициналык каражаттардын (беткаптардын) баасын негизсиз кымбаттатканы үчүн 4 иш каралып жатат;
- мыйзамсыз ташып келүү боюнча 13 иш боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
- кампаларда катып алып, дары-дармектердин жасалма тартыштыгын атайылап жасап жаткандар боюнча 2 иш боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
Кампалардан: гепарин, левофлоксацин, азитромицин, физрастворлор, ингаверин, арбидол жана башка дарыларды катып жатышкан.