Жаңылыктар
Дары-дармектин баасын көтөрүп, пайда табууну көздөгөндөр кармалышты
Кыргызстан жаңылыктары
Дары-дармектин баасын көтөрүп, пайда табууну көздөгөндөр кармалышты

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы дары дармектин баасын атайылап көтөргөн ортомчуларды кармады. Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, жыйынтыгында алардын аракетине укуктук баа берилмекчи. Пандемия шартында дары дармектин баасын атайылап көтөрүп, пайда табууну көздөгөндөр аз эмес. 



Өлкөдө ковид-19 тумоосу көбөйө баштагандан тарта вируска каршы дарылардын тартыштыгы дароо байкалды. Ага катар баалар өзгөрүп, он чакты дарынын түрү кымбаттап кеткен. Пандемия шартында негизги дары-дармектин түрлөрүнө бааларды көтөрүп жаткандарды актоо мүмкүн эмес.


Тартыштык байкалган дарылардын түрлөрүнө бааларды атайын көтөргөндөргө карата чара көрүү арызы менен экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына бир нече коомдук уюмдар кайрылышкан. 


Аларда дарыканалар дарынын негизги түрлөрүн атайын кампада сактап, сатыкка чыгарбай жатат деген да шектенүүлөр болгон. Мунун негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталып, каржы полициясы бир катар ири фармацевтикалык компаниялардын кампаларын текшерүүгө алды.