Жаңылыктар
50 орундуу жандандыруу бөлүмү ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
50 орундуу жандандыруу бөлүмү ачылды

Жаңы реанимациялык бөлүм оор абалдагы 50 адамды кабыл алууга даяр. Эң алдыңкы деп эсептелген техника менен жабдылган.

Мында 40 дарыгер 4 нөөмөттө иштейт. Алар реанимологдор, клиникалык ординаторлор. Өкмөт башчы жандандыруу бөлүмү, анын иштөө тартиби менен таанышты. Дарыланып жаткандардын коопсуздугу үчүн ичине кирүүгө уруксат берилген жок. Кубатбек Боронов дарыгерлер менен сүйлөшкөндө зарыл болсо кошумча күчтөр тартылаарын айтты.

Ошондой эле дагы интенсивдүү терапияга 400 орундуу палаталар ачылат. Ал үчүн Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитеттин балансындагы эки кабаттуу 6 имаратка капиталдык ремонт жасалып жатат. Дарыгерлердин айтуусунда, анда оор абалдагы бейтаптар дарыланат.

"Семетей" обсервациясында 1310 орун бар. Анын 600үндө бейтаптар жатат. Улуттук госпиталдын, Онкология жана гемотология улуттук борборунун, Чүй облустук биргелешкен ооруканасынын жана Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун кызматкерлери медициналык жардам көрсөтүшүүдө.