Кыргыздын чыгаан уулу, бир гана кыргыз элине эмес, Борбор Азияга таанымал диний ишмер, ислам аалымы Чубак ажы Жалилов 11-июлда таңга маал бул дүйнө менен кош айтышты. Бүтүндөй кыргыз эли аны жоктоп, кабыргасы кайышып турган кез. Чубак ажы Жалиловдун сөөгү өзү туулуп өскөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Баймундуз айылында жерге берилди.
Чубак ажы Жалилов өз өмүрүн толугу менен ислам илимине арнады. Жалпы мусулман коомчулугуна дин илими боюнча берген сабактары менен таанымал болуп, жаштарды адеп-ахлакка, ыймандуулукка тарбиялоого өзгөчө салым кошту. 45 жашында дүйнө салган устаз Чубак ажы Жалилов оозунда сөзү бар, дин тууралуу жалпак тил менен, ошол эле учурда илимге таянып түшүндүрүп берген аалым эле. Көзүнүн тирүүсүндө ал жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу элдин суроолоруна азил-чыны аралаш жооп берип турчу.