Жаңылыктар
Нарын облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кыргызстан жаңылыктары
 Нарын облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

12-июлда Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 06:28де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. 

Жер титирөө Нарын районунун Кара-Булак айылында, Ак-Талаа районунун Орто-Сырт айылында 4 балл, Ат-Башы районунун Ак-Бейит, Казыбек, Кызыл-Туу айылдарында 3,5 балл, Ак-Талаа районунун Баетов, Кара-Суу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.