Бишкекте дагы 3 күндүзгү стационар ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, “Ак-Босого” конушундагы №81 мектепте 40 орунду, “Ак-Ордо” конушундагы №96 мектепте 30 орунду жана “Аламүдүн-1” кичи районундагы №38 мектепте 50 орунду стационарлар ачылып, жарандарды кабыл алууда. Учурда шаарда 9 күндүзгү стационар иштеп жатат. Кошумчалай кетсек, жарандар күндүзгү стационарлага эртең мененки саат 8ден кечки 20:00гө кайрылып, кеңеш алса болот. Ал стационарлар катуу ооруган бейтаптарга ылайыкталган эмес.