Жаңылыктар
Коронавирус шартында санариптештирүү - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Коронавирус шартында санариптештирүү - Кыргызстан жаңылыктары

Маалымат технологияларын жөнгө салчу комитет санэпидкөзөмөл кызматына жардам катары бейтаптарды эсепке ала турган ынгайлуу системаны жасап берген.

Азыр коронавируска чалдыккан адамдардын так санын аныктап, алардан алынган лабораториялык анализдерин ыкчам жеткирип туруу үчүн дагы атайын маалымат системасы иштелип чыккан. Эми аны мамлекеттик 10 лабораторияда колдонулуп жатат.

Мындан тышкары хайдоктор кж деп аталган медициналык маалымат сурамжылоо сайты да иштелип чыккан. Анда дарыканалар, жеткирип берүү кызматы жана лабораториялар тууралуу кеңири камтылган.

Мындан тышкары Саламаттык сактоо тармагына көп пайдасын тийгизе турган санарип тейлөө кызматтары иштеп жатканы, жакын арада сыноо катары ишке кирери да айтылды. Алтынбек Исмаилов ошондой эле эл арасында Кыргызстанда 5 ж технологиясы кирип, элге зыян таркатып жатыптыр деген калп маалыматты жокко чыгарып, ушактарга чекит койду.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймагында 5G технологиясы ишке киргизилген эмес. Байланыш операторлору 5G тармагынын жабдууларын орноткон эмес жана пайдаланган жок, Мамлекеттик байланыш агенттиги эч кандай уруксаттарды берген эмес. Мессенджерлер жана социалдык тармактар аркылуу таралып жаткан 5G технологиясынын зыяндуулугу жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт.

Дагы бир айта кетүүчү нерсе радиотолкун тараткан кандай технология болбосун коронавирус илдетине эч кандай тиешеси жок.