Жаңылыктар
Илдеттин алдын алуу чаралары - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Илдеттин алдын алуу чаралары - Кыргызстан жаңылыктары

Санитардык ченемдердин сакталышы боюнча Ошто жалпы 7 миңдей субъектге текшерүү жүргөн. Натыйжада, минге чукул мекеме-ишканага жеринде протокол түзүлүп, эскертүү берилген. Калк саламаттыгына кайдыгер караган 180дей мекеменин иши токтотулуп, экиден көп эскертүү алган 6 ишкерге карата кылмыш иши козголду.

Кайдыгерлик мамиле- илдеттин жайылышына негиз болууда. Буга байланыштуу, дубандын аймагына кошумча чектөөлөр кирди. Жарандар арасында, кишинин санына карабай, той-топур, жаратылыш койнунда эс алууга убактылуу тыюу салынды. Район аралык маршруттук каттамдар токтотулуп, такси кызматындагыларга 3 кишиден ашык жүргүнчү ташууга болбой турганы эскертилет. Ал эми, облустун Жалал-Абад, Баткен облустары менен чектешкен аймактарына санитардык-карантиндик посттор орнотулду. Өткөрмө жайларда уруксат кагазы талап кылынбайт. Түшүндүрүү иши менен ченемдердин сакталышын жер-жерлерде милициянын көчмө мобилдүү тобу көзөмөлдөйт.

Кандайдыр бир медициналык жардам алуу үчүн район тургундары шаардын же райондун борборуна келүүсү зарыл эмес. Жер-жерлерде күнгдүзгү стационар иштеп жатат. Жети район, 3 шаарда 1,5 миңге чукул орун даярдалды. Бирок, жаңы ачылган жайларда дарыгерлерге болгон муктаждык жаралганын өкмөттүн дубандагы өкүлү онлайн-брифингде маалымдады.

Дарыгерлер коргонуучу кийимдер, дары-дармектер менен толук камсыздалган. Дары-дармектерге болгон бааны эсепсиз көтөргөндөргө карата чаралар көрүлөт.

Убактылуу чектөөлөр- айыл чарба, өндүрүш, экспорт тармагына таасирин тийгизбейт. Ирригация, социалдык курулуштар санитардык талапты сактоо тартиби менен ишин уланта берет. Дубанда илдетти жугузуп алгандардын саны 10-июлга карата 634кө жетти. Мунун 348и илдетти жеңип чыгып, үйлөрүнө чыгарылды.

Миргүл Бокошева. Акжол Айбашов, Ала-Тоо 24. Ош облусу.берет. Дубанда илдетти жугузуп алгандардын саны 10-июлга карата 634кө жетти. Мунун 348и илдетти жеңип чыгып, үйлөрүнө чыгарылды.