Жыл башынан бери Бишкекте дээрлик 1 миңге жакын жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын 6 айды жыйынтыктаган ыкчам кеңешмесинде маалым болду.
Бишкекте быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгында 974 жол кырсыгы катталган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22,6%га аз.
Алты айдын ичинде жөө жүргөн жаш балдар катышкан 93 жол кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 50%га азайган. Ал эми кырсык катталган жерден изин жашырып кеткен 244 учур катталып, алардын 137синин бети ачылган.
Калгандарын издөө боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары, кеңешмеде Милициянын кайгуул кызматынын башка бөлүмдөрүнүн жарым жылдык аткарган иштери тууралуу анализ жүргүзүлүп, баа берилди.