Жаңылыктар
Күндүзгү дарылоо жайында орундар даяр
Кыргызстан жаңылыктары
Күндүзгү дарылоо жайында орундар даяр

Нарын облусунда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Мындан улам аймакта кырдаал күчөп кетпеши үчүн жергиликтүү бийлик кошумча орундуктарды ыкчам даярдоонун үстүндө. Бүгүнкү күндө облуста күндүзгү стационардык тейлөө жайларында 829 орун даярдалды. Учурда уюшулган күндүзгү дарылоо жайлары кайрылгандарды тейлей баштады.

Нарын шаарындагы стационардык жайлар тургундарды кабыл алууну баштады. Мисалга РТС чөлкөмүндөгү медициналык бөлүм 7 адамга ылайыкталган. Мындагы дарыгерлер кайрылгандарга тамчылатма дары куюп, кеп-кеңештерин берип жатышат.

Ал эми кургак учукка каршы күрөшүү борборунун бир бөлүгү дагы стационардык тейлөө жайына берилди. Абал курчуп турган маалда кызматкерлер бул жайдан 12 адамды тейлей алышат. 

Нарын шаарында беш күндүзгү стационарлар уюштурулуп, шаар тургундарын тейлеп жатышат. Бүгүнкү күнгө чейин илдетке чалдыккандар үчүн Нарын облусу боюнча жалпы 800дөн ашык орундук уюштурулган. 

Мындан сырткары өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен кошумча оорукана ачуу иши колго алынды. Бул максатта донорлор менен сүйлөшүү жүрүп, 150 орундуу имарат табылды. Буга чейин, ал имарат обсервация катары пайдаланылып келген. Бул жерде оорукана үчүн ыңгайлуу шарттар бар. Азыркы учурда дарыгерлер жана медициналык жабдуулар менен камсыздоонун үсүндө иш жүрүүдө. 

Ошол эле учурда Нарында эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда. Жугуштуу ооруга чалдыккандардын саны 586га жетти. Ошол эле учурда пневмания оорусуна чалдыккандар да көп болууда. Облуска үч жүздөн ашык өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар зарыл болуп турат. Азыр аймакта болгону 153 аппарат бар.