Бишкекте жугуштуу илдет менен ооругандардын саны үч жарым миңден ашты. Бул республика боюнча ооругандардын 42 % түзөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди. Коронавирус жуктуруп алгандардын көпчүлүгү жаңы конуштардын жашоочулары. Кырдаалга байланыштуу Бишкек шаарында тогуз күндүзгү стационар иштеп жатат. Ал эми коронавирус инфекциясы жана пневмония менен ооруган бейтаптар үчүн жети кошумча койка-орундуктар түзүлдү.
Ак-Босого конушунун тургуну Жазгүл Асаналиева көп жылдардан бери тигүүчү болуп иштейт. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу ал тийиштүү санитардык эрежерлерди сактоого аракет кылып жатканын айтат. Бирок бир жума мурда уулу экөө тең ооруп, дарыгерге кайрылбай, өз алдынча дарыланып жатышкан. Бишкек шаарынын мэринин айтымында, республика боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын жарымынан көбү борбор калаада катталган.
Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын төрт районунда 9 күндүзгү стационардык борбор иштеп жатат. Ал жерде илдеттин жеңил түрү менен ооруган бейтаптар кабыл алынып, дарыгерлер кеп-кеңеш айтып, ал эми медайымдар тамчылатма дары коюп берип жатышат. Ушу тапта оорунун очогуна айланган Бишкек шаарында абал оор бойдон калууда. Мындан улам, шаар мэри Азиз Суракматов тийиштүү эрежелерди сактап, зарыл болбосо үйдөн чыкпоону суранууда.