Бишкекке «Минск-Бишкек» каттамы боюнча чартердик рейс менен 182 кыргызстандык келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, бул атайын каттам президенттин жана өкмөттүн тапшырмасы менен чет мамлекеттерден жарандарыбызды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында жүзөгө ашырылды. Чет мамлекеттерде жүргөн жарандарды кайтаруу боюнча иштер улантылууда.