"Чет өлкөлөрдөн коронавирус инфекциясы чыккан учурдан баштап авиациялык жана жер үстүндөгү транспорт менен 20 миң 638 КР жараны кайрылып келди. Жарандарыбызды кайтарып алуу жана мамлекеттерден ар тараптуу көмөк көрсөтүү боюнча иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык жүргүзүлүүдө. Бул процесске тартылган бардык элчиликтер, башкы консулдук жана КР консулдук мекемелери дээрлик күнү-түнү иш алып барышууда", - деп билдирди тышкы иштер министринин орун басары КР Нуран Ниязалиев.
Анын айтымында, эң чоң жардамдар диаспоралардын, бириккен мекендештердин жана жөнөкөй жарандардын колдоолору менен көрсөтүлүп жатат.