Жаңылыктар
Фергана облусунан Баткенге медициналык жабдуулардан турган гумжардам келди
Кыргызстан жаңылыктары
Фергана облусунан Баткенге медициналык жабдуулардан турган гумжардам келди

Өзбекстандын Фергана облусу Баткен облусуна жалпы баасы 6 млн 300 миң сомду түзгөн медициналык жабдууларды жиберди. Анын ичинде коргонуучу каражаттар, ооруну аныктоочу лабороториялык шаймандар бар. 



Бул иш-чара Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов менен Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин сүйлөшүүлөрүнүн негизинде жүргүзүлдү. 



Баткен облусунун жетекчилиги, кошуна Өзбекстан Республикасынын Президентине жана Фергана облусунун жетекчилигине, жалпы өзбек элине оор кырдаалда көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирет. 



Эске салсак, буга чейин эки облус башчылары коронавирус илдети менен күрөшүүдө зарыл болгон коргонуучу каражаттары, азык түлүк продукциялары боюнча эки тараптуу бир катар жардамдарды берип келишкен.