Жаңылыктар
Бишкекке Екатеринбургдан 218 жаран кайтып келди - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
 Бишкекке  Екатеринбургдан 218 жаран кайтып келди - Кыргызстан жаңылыктары

Манас” Эл аралык аэропортунда 7-июлда  “Урал авиа каттамдары” авиакомпаниясынын Екатеринбург – Бишкек каттамы менен  чартердик рейсин тосуп алышты. Мекенине Россиядан 218 Кыргызстандын жараны кайтып келди, анын ичинде балдар да бар. 



Чартердик рейс  дүйнөдө коронавирус инфекциясынын пандемиясынан чек аралардын убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам, чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылды.


Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдукка  жарандардан келип түшкөн кайрылуулардын негизинде түзүлүп, каттам менен курч муктаждыгы бар жарандар: ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, оор илдеттери барлар, улгайган курактагы адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу энелер, турмуштук оор кырдаалдагы жарандардан сырткары,  Урал федералдык округундагы Жогорку окуу жайларынын студенттери жана COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясы менен күрөшүүгө жардамга келе жаткан дарыгерлер, медайымдар  мекенине кайтып келди.