Сооронбай Жээнбеков Республикалык штабга кырдаалдын мындан аркы өнүгүшүн талдоо жана болжолдоо ишин күчөтүүнү сунуштады
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери жана райондордун акимдеринин катышуусунда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү мындан аркы артыкчылыктуу милдеттерди талкуулады.
Жыйын видеоконференция форматында өттү.
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө жүзү татаал кырдаалды баштан өткөрүп жаткандыгын жана ар бир өлкө бул илдет менен өзүнүн каржы жана саламаттыкты сактоо системасынын мүмкүнчүлүктөрүнө жараша күрөшүп жаткандыгын белгиледи.
Ошону менен бирге Мамлекет башчысы Өкмөттү жана Саламаттыкты сактоо министрлигин кийинки абалды анализдөө жана прогноздоонун жоктугунан улам сынга алды.
Президент калктын керектөөсүн так аныктоо үчүн бул багыттагы иштерди күчөтүү зарылдыгын бегиледи.