Кыргызстанга Түркиядан 237 жаран кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. «Биздин жарандар «Pegasus Airlines» авиакомпаниясынын атайын уюштурулган «Стамбул-Бишкек» каттамы боюнча Бишкекке учуп келишти», - деп айтылат ТИМдин маалыматында.
Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык кароодон өтүү үчүн обсервацияга алынды. Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтарууну уюштуруу иштери улантылат.