Чет жердеги Кыргызстандын жарандарын мекенге кайтаруу боюнча иштер уланууда. Бул ирет Стамбул-Бишкек аба каттамы менен “Манас” эл аралык аэропортуна Түркиядан 232 жаран кайтып келди. Арасында жаш балдар да бар.
Өлкөгө келген мекендештердин ден-соолугун дарыгерлер текшерүүдө. Кайтып келгендердин ден табын өлчөгөн ак халатчандар алардын арасында ооруга чалдыккандары катталбаганын билдирди. Ошентсе да алар тартип боюнча үй карнтининде болушат.
Ошондой эле Бангладештен Бишкек - Дакка - Бишкек багыты менен 103 кыргызстандык учуп келди. Алардын арасында Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары да бар. Тышкы иштер министрлигинен билдиргендей коңшу өлкөлөрдүн жарандарын мекенине жеткирүү үчүн транзиттик коридор уюштурулмакчы.
Новосибирск шаарынан дагы 186 мекендешибиз кайтып келди. Алардын катарында кош бойлуу аялдар, жаш балдар жана Новосибирскте билим алып жаткан студенттер бар. Президенттин койгон тапшырмасынын негизинде эки тараптуу сүйлөшүүлөр аркылуу уюштурулган каттамдар менен келген баардык кыргызстандыктар үй карантинине алынат.