Жаңылыктар
Өнөктөш өлкөнүн көмөгү - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Өнөктөш өлкөнүн көмөгү - Кыргызстан жаңылыктары

Ушул күндөрү Россиядан он адамдан турган делегация келди. Алардын катарында Орусиянын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) жана Саламаттык сактоо министрлигинин адистери бар. Баары инфекцияга каршы күрөшүү боюнча жетиштүү тажрыйбага ээ.

Россиядан келген адистер кыргызстандык дарыгерлерге медициналык тейлөө, коронавируска каршы күрөшүү чаралары боюнча жардам көрсөтүп, бир нече күн бирге болушат.

Жугуштуу оорулардын мүнөзүн, жайылуу коркунучун байкоого алып, бейтаптарды дарылоодо Кыргызстан мурда болуп көрбөгөн көйгөйлөрдү көтөрүүдө. Мындай шартта тажрыйба алмашуу өзгөчө мааниге ээ.

Өнөктөш өлкөнүн делегациясы кесиптик жардам гана эмес, материалдык да көмөк көрсөтүштү. Жугуштуу оорулар боюнча департаментке коронавирусту аныктоочу 30 миң тест-система берилди.

Жакын арада Россиядан дары-дармектер менен медициналык жабдуулар да алынат. Ал эми тажрыйба алмашуу үчүн келген адистер 5-июлга чейин болушат.