Жаңылыктар
Бишкекке Новосибирскиден 186 жаран кайтып келди - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
 Бишкекке Новосибирскиден 186 жаран кайтып келди - Кыргызстан жаңылыктары

«Манас» эл аралык аэропортунда  3-июль күнү Новосибирск-Бишкек каттамы менен «Авиатраффик Компани»   авиакомпаниясынын чартердик рейси Россиядан  186 КР жаранынын тосуп алышты, анын ичинде кичинекей балдар да бар.  



Бул рейс чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президентинин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган.



Аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси, Кыргыз Республикасынын жарандарынын  Новосибирск шаарындагы Генералдык консулдугуна келип түшкөн арыздардын кезегинин иретинде түзүлгөн, анын ичинде 19 кош бойлуу аял 10 жаш бала, 57 студент,  Жогорку окуу жайларында окугандар, мүмкүнчүлүгү чектелген жана башка категориядагы жарандар бар.