Жаңылыктар
Бишкекке Бангладештен Кыргызстандын жарандары кайтып келди - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
 Бишкекке Бангладештен Кыргызстандын жарандары кайтып келди - Кыргызстан жаңылыктары

«Манас» эл аралык аэропортунда 2-июль күнү «Aviatraffic Company» авиакомпаниясынын Бишкек-Дакка-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алышты. Кыргызстанга Бангладештен 103  жаран кайтып келди.



Бул авиакаттам менен ошондой эле Бангладештен Өзбекстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын жарандары чыгарылды, аларга өзбек жана тажик тараптарынын кайрылуусуна ылайык Өзбекстанга жана Тажикстанга кайтып баруу үчүн транзиттик коридор уюштурулат.



Каттам КР Президентинин жана Өкмөттүн чет өлкөлөрдөн КР жарандарын кайтарып келүү тапшырмасын аткаруу үчүн КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан уюштурулган.



Чет мамлекеттерде калып жаткан жана Мекенине кайтып келүүнү каалап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер улантылууда.