Жаңылыктар
Тажикстан менен чектешкен какыраган жерге көчөттөр тигилүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Тажикстан менен чектешкен какыраган жерге  көчөттөр тигилүүдө

POST#RIGHTЛейлек районунун Тажикстан менен чектешкен Кулунду айылыгындагы какыраган 60 гектар жер жакында гүлдөгөн жашыл бакчага айланат. Мында 50 миңге жакын көчөт тигип, чек араны бак менен бекемдөөнү колго алган багбан Назырбек Бакиров келечекте райондун экономикасын көтөрүүнү максат кылууда. Элеттик ишкер Кулунду айлынын жаштарын кооперативге бириктирип, мөмө-жемиштердин экспорттук көлөмүн өстүрүүнүн да аракетинде.