Бишкек шаарынын аймагында төмөнкү иш тартиби орнотулду:
-коомдук транспорт (троллейбустар, автобустар, маршруттук такси): иш күндөрү эртең менен саат 07.00дөн 10.00гө чейин жана кечки 17.00 дөн 21.00гө чейин, ал эми ишемби жана жекшемби күндөрү толук токтотулат;
- кафе, ресторан, коомдук тамактануучу жайларына саат 08.00дөн кечки 20.00гө чейин иштөөгө уруксат берилди;
- супермаркеттер, соода борборлору саат 07.00дөн кечки 19.00 ге чейин иштейт;
- Бишкек шаарындагы базарлар күн сайын саат 06.00дөн баштап кечки 17:00 чейин иштешет.
-Төмөнкү ишмердүүлүктөргө иштөөгө тыюу салынат:
-велосипед ижарага берүү пункттары, балдар оюн аянтчалары менен батуттар, жана башка көчөдө уруксатсыз соода жүргүзүү пункттары жана тейлөөнүн түрлөрү;
-тойкана, түнкү клубдар, барлар, караоке-клубдар жана башка оюн-зоок мекемелери кардарлардын санына карабастан иштетилбейт. ААК “Северэлектро” жана “Бишкекводоканалга” кабыл алынган нормаларга ылайык карантин режимин бузгандугу үчүн суу жана электр жарыгын өчүрүү сунушталат.
-балдар оюн –зоок мекемелери, футбол аянтчалары жана оюн аянтчалары.
-Мэрия парк, сквер, бульвар, борбордук аянт жана башка коомдук жайларга барууга чектөө койду.